Menu

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

Бөлүшүү:

8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки тараптын облустук деңгээлде жолугушуусу өтүп, абалды турукташтыруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу макулдашылды.

8-май күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн.

Күйүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү, талашка түшкөн төрт гектар жерди мындан ары иштетүү маселелерин чечип алыш үчүн Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын денгээлинде эки тараптуу жолугушуу өттү. Сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов жетектеп барды.

Чырлуу аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арадагы чатактардын алдын алуу, кызматташтыкты жандантуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушууга катышкан Баткен районунун акими Каланбек Маркаев өрттөнгөн үйдүн чыгымын жабуу караштырылып жатканын билдирди.

«Жолугушууга тиешелүү кызматтар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Биз тараптан облус жетекчисинин орун басары Жаркынбек Максутов баштаган топ бардык. Тажикстандан да Согди облусунун жетекчисинин орун басары баштаган топ келди. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, чырдын алдын алуу маселесин талкууладык. Макулдашуу абалды турукташтыруу багытында эле болду. Талаш жердин маселеси да айтылды», – деди ал.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында макулдашуунун ар бир майда-чүйдөсүнө чейин айтылган жок. Бирок өрттөлгөн үй-жай үчүн чыгымды Тажикстан тарап эмес, Кыргызстан төлөп бермек болгону жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып келген талаштагы 4 гектар жерди убактылуу иштетпей турганы макулдашылган.

«Бийликтегилер ошол чек арадагы чырлуу аймактын тургундарын карап, чыгымдарды кошуналардан өндүрүп бериши керек эле» дешет Көк-Таштын тургундары.

Үйү өрттөлгөн Шада Мажитова «жергиликтүү бийлик маселени чечүүдө кайдыгерлигин уланта берсе өлкө башчысына кайрылам» дейт.

«Ар ким келди, кабар алганы. Бирок бир ток этерин айтып маселени чечкени жок. Үй болсо өрттөнүп кетти. Жашообуз болсо кооптуу болуп калды. Азыр эми абал кандай болорун айтыш кыйын. Чек араны болсо так сүйлөшүп чечип беришкен жок. «Жолугуп сүйлөшөбүз» эле дешет. Бирок мындай сүйлөшүүлөрдөн эч пайда болгон жок. Анан кайдагы бир нерселерди макулдашып коюшат. Ошондуктан ишенич деле жок. Чоңдорду көзөмөлдөп катуу тапшырма бериш керек», – деди ал.

Чек арада жашаган калк арасында эки тараптуу жолугушуулардан үмүт арткандар азайып жатат десек болот. Анткени буга чейин да жергиликтүү, өкмөттүк деңгээлдеги бир топ жолугушуулар өтүп, макулдашуулар аткарылбай кала берген учурлар көп.

Укук коргоочу, медиатор Хаитали Айкынов Кыргызстан тарап чек ара боюнча дурус кадрларды жөнөтпөй абал ылдыйкы деңгээлге түшүп жатат деген пикирде.

«Бизде улам жаңы кадр дайындалып, улам ар бир жолугушууга башка-башка кызматкер барат, – деп түшүндүрдү ал. – Анан ал адам кошуналар менен сүйлөшүү деңгээлин өздөштүрүп, маселени ичинен билгенге чейин кызматтан кетет. Сүйлөшүүлөрдө көп учурда кызыкчылыктар кандай корголуп, кантип макулдашуулар болуп жатканынын натыйжасы сезилбей калып жатат. Ал тургай өлкө башчыларынын жолугушуусунан кийин деле абал өзгөрбөй, маселе ошол боюнча калды да. Ошондуктан мындай жергиликтүү деңгээлде даяр эмес кадрлар жолугушууга бара берип, элдин ишеничи деле калбады. Дипломатиялык сүйлөшүү алып бара албаган, өлкө кызыкчылыгын коргоого даяр эмес кадрлардын натыйжасыз иши чек арада жашаган элдин турмушуна да таасир этип жатат».

Жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында курал колдонуу менен эки ирет чыр чыкты.

Акыркы чатакта Кыргызстандын жарандары иштетип келген төрт гектар жерди Тажикстан карта боюнча Кыргызстанга тиешелүү эмес деп, эгин айдап жаткан көкташтыктарды кууп чыккан. Кагылышууда кыргызстандык үч чек арачыга ок тийип, биринин абалы өтө оор. Беш бөлмөлүү үй өрттөнүп, чыгымы бир миллион сомго бааланууда.

Тажик тарап болсо «Кыргызстандын чек арачылары Тажикстанга тиешелүү 4 гектар жерди талашып, чагымчылдыкка барган, чатакта эки жараныбыз жабыркады» деп маалымат таратты. Бул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрликтери окуя үчүн бири-бирин айыптап, бири-бирине нааразылык нотасын тапшырышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: