Жакынкы жумада 1 миңге жакын кыргызстандыктын кайтып келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, жарандар: Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан – 58, Түркиянын Стамбул шаарынан – 349, Москва – 402, Кореядан – 35, Япония – 30, Беларусь Республикасынын – 37 алынып келинет.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал тартиби киргизилгенден бери Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиациялык жана жерде жүрүүчү транспорт менен 9196 жаран кайтып келген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ