Menu

Бактыгүл Жээнбаева, каржы министри: “Доллардын өсүшү менен тышкы карыздын көлөмү 32 миллиард сомго чейин өсөт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-майда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев мамлекеттик карыздын көлөмү доллардын өсүшүнө байланыштуу канчага көбөйө турганына кызыкты.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева доллардын курсу жогорулагандыгына байланыштуу, пайыздык төлөмдөрдүн суммасы жана негизги сумма 29 миллиарддан 32 миллиард сомго чейин көбөйгөнүн билдирди.
“Март айынан ушул убакка чейин чоң жыйырмалыктын (G-20) чечими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Париж клубунун катчылыгы менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө, эки тараптуу келишимдер боюнча пайызды кийинкиге калтыра ала турган алдын-ала макулдашуулар бар. Тилекке каршы, көп тараптуу макулдашуулар боюнча мындай кечеңдетүүлөр болбойт. Бирок, биз бардык жактарга кайрылып, тышкы карыздарды кийинкиге калтырып эле койбостон, аны терең реструктуризациялоо боюнча кат жөнөттүк. Эгерде биз ушул каражаттарды алсак, анда тышкы карыз ИДПнын 60% чейин өсөт” – деди каржы министри.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: