Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ички иштер органдарынын, аскер кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт

Бөлүшүү:

Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардык тийиштүү компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буга чейин парламенттин жыйынында айтылган анын сөзү контексттен тыш чечмеленгенин белгиледи.

«Тийиштүү мыйзам, Өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар», – деди Өкмөт башчы.

Ал баса белгилегендей, пенсияларды, айлык акыларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча маселе жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: