Menu

Ишкерлерге электрондук уруксат берүү порталына бир күндө 836 арыз келип түшкөн

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-майда Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктүн бардык үч баскычындагы ишкерлерге электрондук уруксатын берүү тутуму ишке киргизилди. Биринчи күнү 312.meria.kg сайтына 836 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 14ү жактырылып, төртөөнөн баш тартылган, ал эми 815 арыз каралып жатат.

Мэрия белгилегендей, салык кызматынын райондук бөлүмдөрү дагы жарандарды 20:00гө чейин кабыл алышат.

Эгерде аталган уюм өзгөчө кырдаалдар режиминде уруксат берилген экономикалык иш-аракеттердин тизмесине киргизилсе, уруксатты (QR-код) сайттан же Салык кызматынын аймактык бөлүмүнөн (мөөрү) алса болот.

Муниципалитет ар бир кызматкерди каттоодон өткөрүү, жасалмалоо фактыларын, документтерди жасалмалоо фактыларын алдын алуу үчүн керек экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: