Бүгүн, 13-майга карата Кыргызстанда дагы 7 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Чүй облусу – 5, Ош облусу – 1, Нарын облусунда – 1, катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1044кө жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 147 адам;
– Ош облусунда — 181 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкек шаарында— 282 адам;
– Нарын облусунда — 137 адам;
– Чүй облусунда — 92 адам + 56 Соль-Илецктен келген кыргызстандыктардын арасында катталган;
– Баткен облусунда — 24 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 12 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ