Menu

ЖАМК кечээ Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн № 1 СИЗОго киргизбегендигине өкүнүп, эми алар каалаган учурда келүүсүн өтүнөт

Бөлүшүү:

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ушул жылдын 12-майында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун өкүлдөрү № 1 СИЗОго киргизилбегени боюнча түшүндүрүү берет:
Кечээ санитардык күн болгондуктан, имараттын ичинде жана № 1 СИЗОнун аймагындагы дезинфекциялоо иши, ошондой эле 45ке жакын соттолгондордун этапка даярдалышы андагы кызматкерлерге чоң түйшүк жараткан. Андыктан, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун өкүлдөрү киргизилген эмес. ЖАМК кечээки окуя болгонуна өкүнүп, аталган борбордун өкүлдөрүнөн № 1 СИЗОго жана ЖАМКнын башка объектилерине каалаган ыңгайлуу убакта барууну өтүнөт.
Кечээ, 12-майда, Равшан Жээнбеков, Ниязов Фарид, Баабиев Фархат, Сапар Исаков, Карыпбек уулу Рысбек, Осмоналиев Канат, Мискенбаев Мээрбеков жана Сагымбаев Канаттан COVID-19га ПЦР анализи алынды. Баары терс жыйынтыктарга ээ болду.
Эске сала кетсек, КСДПнын айрым мүчөлөрү жана башка тарапташтары Сапар Исаков, Канат Сагымбаев жана башка адамдар коронавируска кабылган деп билдиришип, ЖАМК жабык жайларда кармалган адамдар инфекция жуктурганын жашырган деп билдиришкен.
ЖАМК COVID-19 боюнча жалган маалымат таратуу үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: