Menu

Жанар Акаев: “Аткезчилик Бишкекти каптап бүттү. Жакында контрабандисттер Ак үйгө келип депутаттарга дагы бензин сатканы калды”

Бөлүшүү:

Күйүүчү-майлоочу каражаттардын аткезчилигинен бюджетке 5 млрд сом түшпөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда депутат Жанар Акаев ЖКнын жыйынында билдирди.

“Бишкектин тегерек четинде аткезчилик жолу менен күйүүчү-майлоочу майлар сатылууда. Жакында контрабандисттер Ак үйгө келип депутаттарга дагы бензин сатканы калды. Аткезчилик Бишкекти каптап бүттү. Эксперттердин айтымында, күйүүчү-майлоочу майлардын аткезчилигенин эле бир жылда бюджетке 5 миллиард сомдой түшпөй жатат. Мен сизге (премьер-министр) бир нече жетекчилерди: монополияга каршы, финансы полициясынын жана МСКнын жетекчилерин кызматтан кетирүүнү сунуш кылам. Чечкиндүү кадамга барганда аткезчилик токтойт. Кийинки келген жетекчиге аткезчиликти токтотуу талабын коюшуңуз керек ” – деди депутат.

Анын айтымы боюнча, аткезчилик токтотуу менен бюджетин толуктоого болот.

“Өкмөттүн иши анча-мынча позитив, кемчиликтери менен кошо кетип жатат. “Коопсуз шаар”, мугалимдердин айлыгын көтөрүү сыяктуу жакшы иш-аракеттер дагы бар. Бирок, сиздин программаңыз “Жаратмандык жана ишеним” деп аталып келе жатат. Тилекке каршы, жарандар дагы эле укук коргоо органдарына ишене беришпейт” – деп билдирди Жанар Акаев.

“Биз сиздин баяндамаңызды окудук, анда Сакаашвилиден кийинки эле реформатор өкмөттөй сезилет экен. Бирок, тилекке каршы, сыртка чыкканда адилетсиздик, коррупция дагы деле күчөп жатат. Ошого чечкиндүү кадамдарга барышыңыз керек деп ойлойм” – деп кошумчалады депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: