Кошмо Штаттар Орусиядан алынып келинген өпкөнү жасалма дем алдыруучу “Авента-М” аппаратын кайра артка кайтарууда. Аппараттар ооруканаларда колдонулган эмес, кампаларда сакталган. Бул тууралуу АКШнын Өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча федералдык агенттиги (FEMA) билдирди.
Соңку эки суткада Москва жана Санкт-Петербургдагы ооруканаларда өрт чыгып, COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан алты бейтап көз жумган. Баштапкы маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына өпкөнү жасалма дем алдыруучу “Авента-М” аппаратынын ишиндеги мүчүлүштүк себеп болгон.
Алдын ала сактануу максатында Нью-Йорк менен Нью-Жерси штаттары орус өндүрушүнөн чыккан аппараттарды FEMA агенттигине кайтарып берүүдө.
“Авента-М” аппараттары Уралдагы заводдон чыккан. FEMA өкүлү жабдуулар АКШга апрелдин башында алынып келингенин билдирди.
Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар башка медициналык жабдуулар менен кошо жеткирилген. Кремль анда АКШга гуманитардык жардам көрсөткөнүн кабарлаган. Кийинчерээк бул жүктүн бир бөлүгүн АКШ акчага сатып алганы белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ