Бүгүн, 13-майда ЖКнын жыйынында депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандагы бай адамдардын люстрациясын талап кылган “Чоң казат” кыймылынын аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.
“Азыркы учурда “Чоң казат” деген уюму социалдык тармактарды дүңгүрөтүп жатат. Алардын билдирүүлөрүн 100 миңден 300 миңге чейин окуп жатышат. Антип саясатчылардын дагы макаласы окулбайт. Азыр айыл-айылдарда чоң казатка чакырып жүрүшөт. Алардын айтып, жазап жатканы туурабы же туура эмеспи?” – деп депутат УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев менен премьер-министрдин Мухаммедкалый Абылгазиевге суроо узатты.
УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев айтымы боюнча, бул боюнча атайын экспертизалар өткөрүлүшү керектигин айтып, ал боюнча материалдар Финполицияга жөнөтүлгөнүн, тергөө иштерин жүргүзүлүп жатканын билдирди.
“Социалдык тармактарда маалымат тарагандан кийин Финполиция депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлктөрүн текшере баштады. Ошол боюнча Финполициядан маалымат алса болобу? Эмненин негизинде текшере баштады?” – деди депутат.
“Бизге катталып келген. Азыр текшерүү иштерин баштадык. Карап көрөбүз” – деп жооп берди Бакир Таиров.
“Негизи мыйзам талаасында иштешибиз керек. Эгерде фактылар, кагаздар болсо же жарандардын кайрылуулары болсо, ошол менен иштесек болот. Анан чогулуп алып, өзүм билемдик кылган туура эмес” – деп жооп берди Мухаммедкалый Абылгазиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ