Menu

Бир катар жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

— Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Эркинбек Болотбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду;

— Ош облустук сотунун судьясы Касымалиев Мыктыбек Камчыбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 7-майынан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Бекбаева Нурия Хусаиновнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: