Menu

Коронавирустан каза болгон дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө миллион сом төлөнүп берилди

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун коронавирустан каза болгон дарыгери Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө миллион сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Республикалык штаб ошондой эле, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттыкты сактоо уюмунун депозиттик эсептерине апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн 105 400 000 сом которулганын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2-майда №3 ҮМБ үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирустун кесепетинен көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: