Menu

Видео – Төрага Дастан Жумабеков талашып-тартышкан депутаттарга: “Парламент жакпайбы? Сиздерди эч ким кармаган жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майда ЖКнын жыйында “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору 1-окууда каралып жатат.

Мыйзам долбоору саясий партиялардын Жогорку Кеңешке кирүүсүнө пайыздык тоскоолдукту 9% дан 7% га чейин кыскартууну сунуштайт.

“2010-жылы шайлоо босогосу 5%ды түздү, 2015-жылы 7%ды, ушул эле жылдын январь айынан тартып 2017-жылдагы кирген өзгөртүүлөргө ылайык, КРнын Жогорку Кеңешине өтүү үчүн ат салышкан партиялар шайлоочулардын берген добуштарынын 9% аз эмес добушун алууга тийиш” – деп билдирди мыйзам долбоорунун демилгечиси Талант Мамытов.

Шайлоо босогосун төмөндөтүүчү мыйзам долбоору ЖКда ача пикир жаратты.

Мирлан Жээнчоров регламенттин бузулганына нааразы болду. “Бул жерде бардык процедуралар бузулган. Бул мыйзам долбоорун азыр карап чыгуу туура эмес. Ал кечээ, бүгүн жана эрте менен күн тартибинде болгон эмес. Мындай маанилүү мыйзам комитеттин кароосунда болгон эмес” – деп билдирди депутат.

Депутат Мирлан Жээнчороев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канатбек Керезбековду мыйзам бузгандыгы үчүн айыптап, отставкага кетүүсүн талап кылды.

Өз кезегинде Канатбек Керезбеков ал мыйзам долбоорунун жалгыз гана демилгечиси эмес экендигин айтып, ар-намыска шек келтирбей, эмоцияга алдырбай сүйлөөгө чакырды.

Андан кийин депутат Алтынбек Сулайманов регламент бүгүн гана бузулбаганын, дайыма бузулуп эле келгенин айтты.

“Азыр талашып-тартышпай эле, богосо чекти 9% бойдон калтыралы? Бул жерде өзүн көрсөтүүнүн кажети жок. Биз мыйзамды колдоп, алдыга жылышыбыз керек. Болбосо, күн тартибинен алалы, 9% бойдон калсын” – деди Алтынбек Сулайманов.

Депутат Кенжебек Бокоев депутаттар мыйзам долбооруна эмес, регламенттин бузулушуна каршы экенин белгиледи.

Төрага Дастан Жумабеков эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок деп билдирди.

“Мыйзам долбоору боюнча регламент бузулган жок. Бардыгы өзүнүн жолу менен кетти. Комитеттен каралды деп мага келген, ошол эле депутаттар кол койгон, чечим чыкты. Ошол комитеттерде өзүңүздөр мүчөсүздөр. Сүйлөгөндө дагы этияттап сүйлөйлү. Парламент жакпайбы? Сиздерди эч ким кармаган жок. Эч ким кармаган жок! Эмнеге антип кекетип сүйлөйсүздөр?” – деди Дастан Жумабеков.

“Жагабы, жакпайбы процедураларды сакташыбыз керек. Келгиле, мыйзам чыгаруучу катары өзүбүздү сыйлайбыз” – деп депутат Наталья Никитенко чакырды.

“Кээ бир кесиптештер Атамбаевдин убагында мындай болду эле, тигиндей болду эле деп катарсис болуп жатат. Икрамга ийилип жүргөндөр, дагы деле ийилип жүрөсүңөр. Токтоткулачы. 9%дык босого 106 добуш менен кабыл алынган. Азыркыдай бир күндө алып келе калып, түрткөн эмес болчу” – деп билдирди экинчи ирет сөз сүйлөгөн Мирлан Жээнчороев.

Депутат Исхак Масалиев дагы мыйзам бузулган деп эсептеген кесиптештеринин пикирин колдоду.

“Эки түшүнүктү аралаштырбагыла. Мен 5%дык босого өтсүн деп сунуш кылган жокмун. Биз, регламенттин талаптары бузулган деп, бир гана нерсе айтып жатабыз. Комитеттин төрагасынан баштап, өкмөттүн аппарат жетекчисинин мыйзам бузгандыгы тууралуу айтып жатабыз” – деди Исхак Масалиев.

“Урматтуу төрага жана комитеттин төрагасы каталарды моюнга алгыла. Эмнеге мыйзам бузулган жок деп көгөрүп туруп алдыңар? Мыйзам буззулган. Мени сотко бер деп айтышыңар мүмкүн, мен сотко бербейм. Бетиңерге айтканым жетишет. Абийир болсо түшүнөсүңөр, болбосо, жок” – деп билдирди депутат Масалиев.

Канатбек Керезбеков Исхак Масалиевге мыйзам бузулбаганын айтты.

“Бул мыйзам долбоору сайтка илинген. Талкууга алып чыгып жатабыз. Бул жерден эмнени көрүп жатасыңар? Анда, регламентке өзгөртүү киргизиңиз. Ооба, сизди жакшы түшүнөбүз, эми сизден талашпайбыз. Көптү көргөм деп айтып жүрөсүз. Бирок, бардык иш мыйзамдын алкагында болуп жатат” – деп кошумчалады Дастан Жумабеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: