Menu

Орусиядагы өзбекстандык мигранттарга акчалай жардам берилет

Бөлүшүү:

Орусиядагы өзбекстандык мигранттарга 14-майдан тарта каржылай жардам көрсөтүлө баштайт. Өзбекстандын Москвадагы элчилиги жана консулдугу аркылуу бир жолку материалдык жардам берилет.

Расмий маалыматтарга караганда, акча мамлекеттик бюджеттен эмес, элчиликтин кайрымдуулук эсебине түшкөн каражаттан алынат.

Жардам майыптарга, эки же андан көп баласы бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, COVID-19 диагнозу коюлган кишилерге, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге берилет.

Акчалай жардам Орусиядагы минималдык эмгек акынын өлчөмүндө болот.

Каржылай көмөк алуу үчүн «Мехр» порталына арыз менен кайрылуу керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: