Menu

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — мамлекеттик социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу боюнча иш- милдеттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүп берүүнү мыйзамдык жактан камсыз кылуу болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: