Бүгүн, 14-майда ЖКнын жыйында “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоору саясий партиялардын Жогорку Кеңешке кирүүсүнө пайыздык тоскоолдукту 9% дан 7% га чейин кыскартууну сунуштайт. Шайлоо босогосун төмөндөтүүчү мыйзам долбоору ЖКда ача пикир жаратты.
Жыйында депутат Тазабек Икрамов залда отурган депутаттарды сабырдуулукка чакырды.
“Бүгүн жок жерден көп маселе көтөрүлүп жатат. Сөздөн адашып калса, ошону айтып жатасыңар. Бул жерде идеалдуу эч ким жок. Баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Камерага карап жакшы сүйлөйсүңөр, а кылган ишиңер Кудай көргүс. Парламентте эки жүздүү адамдар отурасыңар. Семизи да, кыйшыгы да бар. Буларга эч кимибиз эч нерсе дей элекпиз. Же бирөөңөрдү семиз, бириңерди кыйшыксыңар деп жатабызбы? Ошондуктан, сыйыңарды билгиле, жакшынакай болгула” – деди Тазабек Икрамов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ