Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Коронавирус менен контрабанда экөөсү бир туугандар болот экен”

Бөлүшүү:

“Коронавирус биздин өлкөдө азайып баратат, бул боюнча баары жакшы иштешти, анын ичинде биздин депутаттар да өз округдарына барып, жардамдарын беришти”, – деп билдирди 13-майда депутат Камчыбек Жолдошбаев.

“Коронавирус оорусу өзү чатагыраак оору экен. Коронавирус менен контрабанда экөөсү бир тууган экен да карасам, бирөөсү адамды өпкөдөн кармаса, экинчиси экономиканы кармайт экен. Ошондуктан биз коронавирусту жендик дебей, дагы 1-2 ай дарыгерлердин айтканын аткарып чыдап турушубуз керек. Тоолуу райондорго электрди 2-3 айга арзандатыш керек, жанагы 1000 квт норманы 2000 квт чейин көтөрүп бериш зарыл. Кумтөрдөн алтын казган компанияга электрдин баасы 1 квт электр 17 тыйындан берилет экен, ошону 10 тыйынга көтөрүп, 27 тыйын кылсак тоолуу райондун элине электрдин баасын арзандатканга болот эле. Тоолуу райондорго киргендер абдан көп: Суусамыр, Алай, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору – ушуларда кышында 30 градустан 40 градуска чейин суук болот. Ушуларга светти арзандатыш керек, Мен ушуну 4 жылдан бери айтып келе жатам. Анан биз быйылдан баштап чет өлкөлөргө чыкпай, Кыргызстандын ичинде эс алалы”, – деди Камчыбек Жолдошбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: