Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, экс-прокурор: “Депутаттар Чыныбай Турсунбеков менен Динара Исаеванын байлыктарын тез текшериш керек”

Бөлүшүү:

“Достор, баарыңарды куттуктайм, биз уттук! Кечээ уттук. Жогорку Кеңеш, авангард саясатчылар: Текебаев, Масадыков жана Жээнчороевдер бизди таанышты. Чоң казат дегенде Жогорку Кеңеш кечээ бир четинен ыңгайсыз болуп жатышат, коркуп жатат бизден, бүттү, Жогорку Кеңештин, мобу депутаттардын киносу бүттү!” – деп билдирди бүгүн, 14-майда экс-прокурор Сыймык Жапыкеев.

“НСТти карасаң эле эрежесиз эр урушту көрсөтөт, НТС эрежесиз эр урушту көрсөтпөгүлөчү. Достор, биз уттук. Жумалиев шерменде болду. Бишкектеги “Села” дүкөндөрүнүн баары кызыныкы экен. Бир эле көп кабаттуу үйдөн 9 квартирасы чыкты. Дагы үйлөрү бар экен, бийик “элитка” үйлөрдү салып коюптур, ичинде эч ким жашабайт. Биринчи этапта эми Сарпашев менен Муралиевди да аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бир жолу Сарпашев цирктин жанындагы “Бухара” кафесине кирип калды, ГРСтин председатели болчу, мен ага “ээ Тайыр качанга чейин тайрандайсыңар?” дедим. “Тайырбек, турган турпатыңды карачы, колуңдагы саатың эле миллион доллар же жүз миң доллар, балким 20 миң доллар, Patek Philippe экен. Силерден сурап койчу күн да келет, силер уурсуңар!” дедим… Достор, биз азыр баарыбыз бир болуп турсак, алдыга кетебиз. Мобу Тайырбек Сарпашевдерди колдогондордун баарын шерменде кылгыла. Тайырбек Сарпашев Жумалиевден такыр кем калышайт. Муралиевге эмнеге иш козголбойт? Сооронбай Шарипович, биз сизге каршы эмеспиз, ушуну билип койсоңуздар, Муралиев 2010-жылы техникалык өкмөттүн премьер-министри болуп туруп, Кумтөрдө да директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, ай сайын 85 миң доллардан айлык алган. Өкмөттүн төрагасынын да айлыгын ала берген, буга эмне иш козголбойт? Мелис Аспеков деген активист чыгып Чыныбай Турсунбеков менен соттошуп, утулуп калып, ушинтип эле жүрөт. Аны укпай койдук. Чыныбай Турсунбеков деле таза эмес. Өтө таза эмессиз. Азыр Динар Исаева деген бар, ошону аягына чейин ким эмнесин билсе бергилечи мага. Мен билем анын 500-600 үйү бар… ” – деди экс-прокурор Сыймык Жапыкеев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: