Menu

Камчыбек Ташиев: “Күндө байкап жүрөм, Президент жумушка саат 07:15те кетет, премьер-министр 07:45те, Спикер 08:00дө”

Бөлүшүү:

Экс-депутат, “Ата-Журт” саясый партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-майда жаңы пост жазды:

“Бир маанилүү көрүнүштү байкадым.

Пандемия башталгандан бери спортзалдар жабылып, эми күндө эрте менен Тынчтык проспектисинде жөө басам.
Күндө эрте менен ушул жолдон Президент, Премьер-Министр жана Спикер жумушка ушул жогоруда көрсөткөн тартипте жөнөшөт.
Эми бүгүн 15.05.20. күнү булардын жумушка жөнөгөн убактысын так белгиледим:
1. Президент —-саат 7-15.
2. Премьер ——саат 7-45.
3. Спикер ——-саат 8-00.
Эмне үчүн бул экөө Президенттен кийин жумушка жөнөшөт?
«Калк айтса калп айтпайт» дегендей мамлекеттин жүгүн бир гана Президент колунан келишинче аракеттенип тартып жатат деген чын окшойт…
Эгерде бул жетекчилер Президентти тоготпосо, анда министрлер, башка мамлекеттик кызматкерлер Премьер-Министрди такыр эле көзгө илбейт экен да…
Мына бүгүнкү мамлекетибиздин акыбалы.
Эми эртең дагын көрөбүз, Премьер менен Спикер өзгөрүп калаар, уялып калышаар …”, –
дейт Камчыбек Ташиев.

15.05.20. Камчыбек Ташиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: