Menu

Некролог — Табалдыев Султанбек Раимбекович

Бөлүшүү:

Инженер-конструктор, убагында «Аалам КББ» ААКны жана  «Дастан» ТУК ААКны жетектеген, Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер  Табалдыев Султанбек Раимбекович 78 жашында катуу оорудан кийин каза болду.

С. Р. Табалдыев 1943-жылы Кыргыз ССРинин  Пржевальск шаарында туулган. 1967-жылы В. И. Ульянов (Ленин) атындагы Ленинград электротехникалык институтун бүткөндөн кийин өзүнүн эмгек жолун СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Өзгөчө конструктордук бюросунда инженердик кызматтан баштап, анын директору — башкы конструкторуна чейинки жолду басып өткөн. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында КИИ ӨКБда космос мейкиндигин изилдөө үчүн бир катар уникалдуу приборлор түзүлгөн.

1996-жылы  С. Р. Табалдыев  коргоо жаатындагы ири завод — «Дастан» ТУК ААКны жетектеп, анда татыктуу эс алууга кеткенге чейин иштеген. Ошол мезгилдерде  «Дастан» ТУК ААК чыгарган буюмдар биздин республиканы эл аралык аренага тааныткан. Ал СССРдин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Мындай адамдар саналуу гана болот.

С. Р. Табалдыев «легендардуу парламенттин» белгилүү депутаттарынын бири болгон. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга жана көз карандысыз Кыргызстанды куруунун тарыхый чечимдерин кабыл алууга активдүү катышкан.

Табалдыев Султанбек Раимбекович кесипкөй, талапты кое-билген жетекчи,  кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү болгон.

Табалдыев Султанбек Раимбековичтин жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Д. А. Эсеналиев, К. А. Боронов, Э. Ш. Асрандиев, У. З. Ормонов, С. А. Кылжыев, Э. К. Осмонбетов, А. Ж. Жумагулов, М. Ш. Шеримкулов, У. К. Чыналиев, М. К. Жангарачева, М. Керимкулов, А. Э. Суракматов, ж. б.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: