Menu

Бишкекте кош бойлуу аялды төрөтканалар кабыл албай, баласы өлүү төрөлгөн окуя боюнча дарыгерлердин күнөөсү жарым-жартылай тастыкталды

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги курсагындагы баласы чарчап калган кош бойлуу аялды Бишкектин төрөтканалары кабыл албай, баш тарткандыгы тууралуу ички териштирүү жүргүздү. Бүгүн, 16-майда министрликтин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча фактылар жарым-жартылай такталгандыгын билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Бишкек шаардык перинаталдык борбордун, №1 шаардык төрөт үйүнүн, № 13 шаардык гинекологиялык оорукананын башчыларына дисциплинардык чаралар көрүлөт.

Буга чейин социалдык тармактарда курсагында баласы чарчап калган келинди төрөтканалар кабыл албай жатканы тууралуу маалымат тараган.

14-майда Саламаттыкты сактоо министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин өкмөттүк онлайн-брифингде, 13-майда 1982-жылы туулган А.Э. шаардык перинаталдык борбордо кабыл алынып, бала өлүк төрөлгөнүн айткан. Ошондой эле,   министрлик бул ишти иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөнүн билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: