Menu

Айрым жергиликтүү соттордун судьялары ротация болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы менен мурдагы райондор аралык соттордун судьяларын судьялык кызмат орундарынан бошотуу менен алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата мындан ары судьялык ыйгарым укуктарын административдик сотто жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда иштеп жаткан судьялар которулду (ротацияланды):

— Чүй облусунун:

Асанов Эрлан Жекшенбекович;

Ахметова Айнура;

Курманов Ашырбек Такишович;

Осмонова Шааркүл Келдибековна;

Султаналиев НурланТуруспекович;

— Бишкек шаарынын:

Алымкулов Айдарбек Бекишович;

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич;

Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;

Эгембердиева Анар Раимжановна;

Эшалиев Азис Маратович.

—      Ош облусунун:

Абдыкадырова Зарина Омаровна;

Досалиев Акылбек Кубатбекович;

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич.

—      Жалал-Абад облусунун:

Каипова Нурила Кочкоровна;

Мажитов Бакытбек Омурзакович.

—      Ысык-Көл облусунун:

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

Тагаев Мелис Муктарович;

—      Баткен облусунун:

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович;

—      Талас облусунун:

Ибраимов Темирбек Маданбекович;

Нартаев Нурман Канатбекович;

—      Нарын облусунун

Чагалдакова Махабат Бекболотовна;

Ошону менен бирге 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын иш-чараларын жүзөгө ашырууда, атап айтканда жарандардын сот адилеттигине тоскоолдуксуз жетүүсүн түзүүнү жана сот системасындагы ашыкча тепкичтерди жок кылууда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун экономикалык иштердин караштуулугун өзгөртүп, аларды райондук сотторго өткөрүп берүү менен райондор аралык сотторду административдик сотторго алмаштыруу жөнүндө сунуштары макулдашылган.

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кийин бул мыйзамдын жоболоруна Мамлекет башчы тарабынан кол коюлуп, 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 34 «Эркин Тоо» гезитине расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин, атап айтканда 2020-жылдын 8-майында күчүнө кирген.

Аталган мыйзамда жергиликтүү соттордун түзүмүндөгү «Райондор аралык» деген түшүнүктү «Административдик» деп алмаштыруу каралган. Мында кайра уюшулган деп түшүнүүгө болот жана «Судьялардын статусу жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 23-беренесине ылайык, мурдагы райондор аралык соттордо иштеп жаткан судьялар Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата административдик сотторго которулат (ротацияланат).

Белгиленген мыйзамдын жоболоруна ылайык, экономикалык иштердин караштуулугу да өзгөртүлгөн, мында алар райондук соттордун карамагына өткөрүлүп берилет, ал эми административдик соттор Кыргыз Республикасынын Административдик процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык административдик иштерди гана карайт.

Ушуга байланыштуу сот органдары административдик иштер боюнча сот адилеттигин жүргүзүүнү административдик сотторго, ал эми экономикалык иштер боюнча райондук сотторго ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесин чечүүнү баштады.

Бул процесс райондор аралык соттордун судьяларынын көпчүлүгүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына түш келип, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын апрель айындагы тийиштүү Жарлыктары менен жаш курактык чегине жеткенге чейин судья болуп дайындалган.

2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР жаңы конституциялык мыйзамында да судьяларды которуу (ротациялоо) тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тартибин, анын жобосун бекитүү жолу менен аныктайт. Ошону менен бирге эле Судьялар кеңеши райондор аралык соттордо иштеп жаткан судьялардын административдик сотторго которууда милдеттүү түрдө алардын оюн угуусу керек.

2020-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекиткен жана административдик сотторго которуу боюнча райондор аралык соттордо иштеп жаткан судьялардын оюн уккан.

»Судьялардын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдын 23-беренесине ылайык судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет.

Аталган конституциялык мыйзамдын талабына ылайык жана 2020-жылдын 12-майындагы судьялардын арыздарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тийиштүү чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунушталган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү жарлыктары кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: