7-апрелде КР Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Наталья Черногубова менен анын орун басары Замирбек Мамбеталиевдин үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, ал ишти тергөө УКМКнын Антикоррупциялык кызматына тапшырылган. Бул тууралу биздин жеке булактар тастыкташты.
11-майга карата бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап, Наталья Черногубова менен анын орун басары Замирбек Мамбеталиев өкмөт тарабынан кызматтарынан айдалган.
Биздин булактардын айтымында, бул мамлекеттик чиновниктер Ала ТВ кабелдик телевидениесине берилген жыштыкты Билайн компаниясына тендерсиз өзгөртүп алып беришкен. Мыйзам боюнча ал жыштык аукцион аркылуу сатылыш керек болчу жана ал жыштыктын азыркы учурдагы базар баасы 385 млн долларга бааланат. Анткени бул жыштыкка ээ болгон компания жаңы мобилдик байланыш операторун ача алат. Мамлекеттин казынасына түшө турган $385 млн жеке адамдардын чөнтөгүнө агып кеткен.
12-май күнү УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Наталья Черногубова менен анын орун басары Замирбек Мамбеталиевди суракка чакырып, андан кийин 48 саатка камакка алган.
15-май күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Наталья Черногубова менен анын орун басары Замирбек Мамбеталиевди 2 айга УКМКнын абагына калтырган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ