Menu

Бүгүн Энелер күнүнө карата бир катар онлайн маданий иш-чаралар өтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында 2012-жылдын тарта “Энелер күнү” салтанаттуу белгиленип келе жатат. Бул майрамга  карата,  өлкөгө киргизилген өзгөчө абалга ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан бүгүн 17-майда онлайн форматындагы бир катар маданий иш- чаралар өтөт.
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык  драма театрынын чыгармачылык жамааты тарабынан “Энелер аалам сулуусу ” аттуу театрлаштырылган концерт  “Эл ТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы  расмий баракчасы аркылуу  саат 13.10до башталып көрсөтүлөт.
Ошондой эле, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалык  драма театрынын  артисттери тарабынан даярдалган  “Энелердин жүрөгү токтобосун” аталышындагы адабий  кече “Эл ТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналында,  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы  расмий баракчасы аркылуу  Саат 14.20да көрсөтүлөт.
Мындан сырткары,  Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук  кыргыз драма театры жана Бабур атындагы  Ош мамлекеттик академиялык  өзбек музыкалык драма театрынын жамааты тарабынан даярдалган Ош шаарынын таланттарынын “Эне ыйык. Эне улук. Эне кут” аттуу концертин саат 16. 30да  “Эл ТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынан,  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы  расмий баракчасы аркылуу   көрө аласыздар. Калган республикалык баардык театр оюн зоок мекемелеринин чыгармачыл жамаатынын эне темасындагы чыгармалары ар бир театрдын жана министрликтин Фейсбуг баракчасы аркылуу жарыяланып турат. Бүгүн 17-майда Кыргызстандын эли ыйык энелерибизди чын дилден куттуктайлы. Ал эми Маданият ишмерлери майрамдын маанисин арттырып энелерге кызмат кылабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: