Menu

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19 чалдыккандар менен байланышкан жарандарды аныктоо – бул илдет менен ооругандарды тапкандай эле маанилүү милдет

Бөлүшүү:

Калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет. Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында койду.
«Жаранда вирустун бар экендиги аныкталар замат биз аны менен байланышкан бардык адамдарды табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Бир каталык кетирүү менен ишти кайра башынан баштап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук күчүн жумшап иштеди, ушул багытта улантууну өтүнөм», – деди Кубатбек Боронов.
Ал ошондой эле баса белгилегендей, өлкөнүн вирус чыккан жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү зарыл.
«Биз Нарын шаарына кошумча күчтөрдү багыттадык. Мобилдик бригадалар тууралуу сөз болуп жатат. Дары-дармек жетишпеген шартта дароо билдиргиле. Азыркы күндө дары каражаттары жетиштүү жана зарылдыгына жараша керектүү аймактарга жөнөтөбүз. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын эстен чыгарбоо кажет. Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объекттерге тартылгандар гана келе алышат. Бул, албетте, ар бирибиздин эртеңки коопсуздугубузду камсыздоо үчүн кабыл алынган убактылуу чара», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.
Кубатбек Боронов эскерткендей, учурда мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери жүрүп жатат. Келген жарандарды жайгаштыруу алгоритмин так иштеп чыгуу шарт.
«Ошондой эле жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталып, алар ооруканага жаткырылды. Өздүк курамдын иш планын соттолгондор менен байланышты азайткыдай түрдө иштеп чыгуу керек. Муну менен бирге коронавирус инфекциясына кабылгандар менен байланышкандарды аныктоо иштери уланууда», – деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коңшу өлкөлөрдө, ошол сыяктуу эле Кыргыз Республикасында экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу жол трафиги көбөйгөнүн эскертип, жүк ташуучу унаалардын кирүү алгоритмин жаңылоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: