Menu

Өзбекстанда аба жана поезд каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавирус тестинен өткөндүгү тууралу маалымкат талап кылынат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 18-майдан тартып жандана турган ички аба каттамдары үчүн жүргүнчүлөрдөн COVID-19 тестинен өткөндүгү тууралуу маалымкат талап кылынат. Бул тууралуу UzAirways авиакомпаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Каттамдарга коронавирус инфекциясы жок экенин ырастаган тесттин жыйынтыгын көрсөткөн жүргүнчүлөр гана киргизилет. Тест каттамга чейин 120 саат аралыгында Санитардык-эпидемиологиялык борбордо тапшырылышы керек. Мындан тышкары жүргүнчүлөр каттоо учурунда жана учактын ичинде медициналык беткап, колкап кийип, социалдык аралыкты сактоосу зарыл», — деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

«Өзбекстан темир жолдору» ишканасынын басма сөз кызматы поезд жүргүнчүлөрү үчүн да ушундай эле талаптар бар экенин билдирди.

Өзбекстан башка өлкөлөр менен жүргүнчү ташыган транспорт түрлөрүн 16-марттан, өлкө ичиндеги каттамдарды 27-марттан тартып токтоткон.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2735 адамга жетти. Алардын ичинен 12 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: