Түндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер башкармалыгынын, Санитардык инспекциянын жана Акимиаттын кызматкерлеринен турган Октябрь районунун мобилдүү тобу “Ганбей” түнкү клубунун иштеп жатканына күбө болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Түнкү клуб пандемияга жана карантинге карабастан, иштеп жаткан” – деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Бишкектеги “Арена” футбол аянтчасынын ээлери да карантин эрежелерин бузушкан.
Мекемелер жабылып, Бузуулар кодексинин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) боюнча протокол түзүлгөн.
Мэрия мындай бузуулар физикалык жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салына турганын эскертет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ