Menu

Видео – Бишкекте милиционер сейил бакта эс алып жүргөн адамдардын кол салуусунан тапанчаны асманга атып араң кутулган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-майда социалдык тармактарда Бишкек ШИИБнын патрулдук милиция кызматкери Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакта жүргөн жарандарды тапанча менен коркутуп жаткан видеотасма тарады.

Видеотасмада көрүнгөндөй, сейил бакта ондогон жарандар, анын ичинде балдары бар аялдар, ошондой эле өспүрүм балдар да бар. Алар милиция кызматкерине тапанчаны алууну айтып, кыйкырып жатышат.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы, кечээ, 17-майда болжол менен саат 21:30да Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ч.Түлөбердиев атындагы сейил багында белгисиз адамдар милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылып жатышкандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөнүн маалымдады.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Ыкчам-тергөө тобу жерине келип, сейил бакты кайтарган патрулдук милициянын кызматкери карантин убагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган, коронавирустук инфекциянын жайылышына коркунуч жараткан адамдардын тобун көргөн.

Маалыматтар боюнча, санитардык-гигиеналык нормаларды сактоону талап кылган милиция кызматкеринин эскертүүсүнө, белгисиз адамдар агрессивдүү жооп кайтарышып, жаңжал чыгарышып, патрулдук милиция кызматкеринен кызматтык ок ​​атуучу куралды тартып алууга аракет кылышкан.

“КРнын Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине (ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу) ылайык, милиционер эскертүү иретинде абага ок чыгарган, андан кийин белгисиз адамдар артка чегинишкен “, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн сотко чейинки тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/3237864612942638/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: