Бишкекте Энелер күнүндө 61 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, жаңы төрөлгөн балдардын арасынан 29у эркек бала, ал эми 32си кыз бала.
“Ал эми №1 төрөт үйүндө үч эм: салмагы 2,4 килограмм болгон эркек бала жана 2,2 килограмм салмактагы эки кыз төрөлгөн. Эне жана ымыркайлардын абалы канаттандырарлык. Алар күнү-түнү акушер-гинекологдордун жана неонатологдордун көзөмөлүндө” – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ