Menu

Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 18-майдагы жыйынында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишимди жактырды.

Депутаттар Евразия өнүгүү банкынын инвестициялык насыясы тууралуу келишимге киргизилген кошумчалар боюнча долбоорду талкуулады. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылайт.

Комитетте келишим тууралуу Өнөй жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Айтмамат Кадырбаев баяндама жасады. Депутат Акылбек Жапаров долбоор тууралуу келишим 2017-жылдын январында бекитилгенин эске салып, андан бери канча каражат иштетилгенин сурады.

Айтмамат Кадырбаев ага жооп берип жатып буга 1,4 млн. доллар бөлүнүп, бирок ал иштетилбегенин, буга жұйөлүү себептер болгонун айтты. Маалыматка караганда, кошумча келишим кабыл алынгандан кийин аталган банк Кыргызстанга дагы 1,3 миллион доллар берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: