Баткен шаарындагы “Салам” радиосунун директору, журналист Улукбүбү Амирова кечээ, 18-май күнү, каза болду. Маалыматты жакындары тастыктады.
Маркум 42 жашта болгон. Ал Баткен шаардык кеңешинин депутаты жана жеке ишкерлик менен алектенген. Артында бир уул, эки кызы калды. Журналист Амированын 17-май күнү, кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген.
Анын сөөгү бүгүн саат 16:00дө Баткен районунун Кара-Бак айылында жерге берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ