Menu

Республикалык штаб: «Семетей» обсерваторундагы 541 жарандын 421нин анализи таза чыккан, 98 жарандан коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Соль-Илецктен келип, «Семетей» обсервациясында жаткан жарандардын 18-майда кайталап алынган анализдери таза чыккандан кийин үй карантинине кое берилди.

7-майда Орусиянын Соль-Илецк аймагынан келген 541 жарандан экинчи ирет ПЧР анализ алынып, 421 кишиден коронавирус табылган жок. Алар эксперттик комиссиянын чечимин күтпөстөн чыр салышкан. 18-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев алар менен жолугушуп, үй карантининин талаптары тууралуу айтып берди.

Экинчи ирет алынган ПЧР анализдин жыйынтыгында жаңы аныкталган 43 учур менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды. Штабдын маалыматына ылайык, учурда обсервациядагы абал туруктуу, медицина кызматкерлери штаттык тартипте иштеп жатат.

17-майда бул жайдан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган мигранттардын видеосу Интернетке тараган. Саламаттык сактоо министрлиги «Тез жардамдын» айдоочусунун тышкы коргоочу кийиминин «бир-эки жери айрылганын» маалымдаган.

7-майда Соль-Илецкиден Казакстан аркылуу автобус менен Бишкекке 541 кыргыз жараны жеткирилген. Ошондон бери алардын 98инен коронавирус табылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: