Бүгүн, 19-майга карата Кыргызстанда дагы 27 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 6, Нарын облусунан – 11, Ош облусунан – 6, Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 1, Соль-Илецк шаарынан келгендердин ичинен – 3 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1243кө жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 154 адам;
– Ош облусунда — 195 адам;
– Ош шаарында — 124 адам;
– Бишкек шаарында— 316 адам;
– Нарын облусунда — 194 адам;
– Чүй облусунда — 104 адам,
– Баткен облусунда — 25 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 13 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 104 адам,
– Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 14 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ