Menu

Генпрокуратура: Кой-Ташта каза тапкан полковник Үсөнбек Ниязбековго ок Атамбаевге таандык снайпердик мылтыктан атылган

Бөлүшүү:

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишти иликтөө учурунда УКМКнын “Альфа” атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков кайсыл куралдан каза тапканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

“Экспертиза далилдегендей, полковник 7,62 мм калибрдеги октон жаракат алып, каза болгон. Анын кийиминде калган октун калдыктары, ок Алмазбек Атамбаевге таандык снайпердик мылтыктан атылганын тастыктайт” – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев “Фейсбуктагы” баракчасына “Альфа” атайын багыттагы кызматынын кызматккерлеринин көрсөтмөсүн жарыялаган. Адвокаттын билдирүүсүндө, “Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин куралынан өлгөн” деген калп маалыматтар тарап жатканы айтылат. Замир Жоошев өзүнүн кардарларынын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана УКМКнын 9-кызматынын экс-кызматкери Канат Сагынбаевдин, күнөөсүз экендигин белгилейт.

Өз кезегинде Башкы прокуратура бул маалымат чындыкка коошпой турганын жана “Альфанын” жоокерлеринин, анын ичинде Д. Дамировдун, Ш. Шабдановдун, Б. Бакировдун, А. Алмазовдун жана Т. Тимуровдун көрсөтмөлөрү толугу менен чагылдырылбагандыгын билдирет.

“Тергөөнүн жүрүшүндө башка зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү, атап айтканда, жабырлануучу деп таанылган адамдарды суракка алуу, окуя болгон жерди текшерүү, тергөө эксперименти, тиешелүү экспертизалар дайындалды, Ниязбековдун өлтүрүлүшүнө жана башкаларды өлтүрүүгө аракет кылууга Атамбаев менен Сагымбаевдин катыштыгы бар экендиги аныкталган материалдык далилдер алынды,” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, башкы прокуратура адвокатка КР Жазык-процесс кодексинин 160-беренесин (Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик) эскертет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: