Menu

Системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы менен кармалган Юстиция министрлигинин кызматкерине 300 миң сом айып пул салынган

Бөлүшүү:

Талас шаары жана Талас району боюнча Юстиция министрлигинин алдындагы пробация органынын башкы адиси пара алгандыгы үчүн айыпка тартылды. Бул тууралуу маалыматты Талас облустук сотунун басма сөз кызматы журналисттерге тастыктаган.

Маалыматтар боюнча, аталган кызматкери КРнын Жазык кодексинин 325-б. 1-б. (пара алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып салынган. Соттун мындай чечими үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Мындан тышкары, сот К.Н. баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал сот залында камактан бошотулган.

Белгилей кетсек, 1975-жылы туулган К.Н. үстүбүздөгү жылдын 18-чнварында пара талап кылуу фактысы менен кармалган. Ал өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробацилык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган.Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон М.З.М.га карата пробациялык билдирүү даярдоодо Н.К. талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда УКМК тарабынан кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: