Menu

Республикалык штаб: Обсервациялык жайларда тийиштүү тартип орнотулуп, жарандардын санитардык эрежелерди сактоосу катуу көзөмөлгө алынууга тийиш

Бөлүшүү:

Обсервациялык жайларда тийиштүү тартип орнотулуп, жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосу катуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал «Сейтек» обсерваторунда кечээ болуп өткөн жагдай кайталанбашы керектигин баса белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигине жана Ички иштер министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

«Обсервациялык жайлар – бул ээн эркин сейилдечү жана көп санда адамдар топтоло турган жер эмес. Аларда тиешелүү тартип болушу керек, өздүк коопсуздук жана инфекцияны жуктуруу тобокелдигин жокко чыгаруу үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелер кынтыксыз аткарылышы шарт. Муну обсерватордогу жарандар эсинен чыгарбашы керек. Обсервация кызматкерлери биринчи кезекте жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кандайдыр бир түшүнбөстүктөргө жол бербеши керек. Мезгил мезгили менен өлкөгө мекендештерибиз алынып келинет, ошондуктан келген өлкөсүндөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен текшерүү алгоритмдери так жана кандайдыр бир талаштуу учурларсыз аткарылышы зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

ИИМдин өкүлдөрү белгилешкендей, кечээ «Сейтек» обсерваторунда болуп өткөн жагдай боюнча мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Нарын облусундагы учурдагы эпидемиологиялык абал, ошондой эле Нарын жана Ош шаарларындагы төрөт үйлөрүндөгү жагдай талкууланды. Төрөт үйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, ар бир оору жугузуп алуу окуясы боюнча оору менен байланышта болгон жактарды толук камтуу аркылуу сапаттуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эпидемиологиялык иликтөө борбору бул багытта активдүү иш алып баруу үчүн күчтөндүрүлөт.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү ошондой эле 21-майда ишке киргизилүүчү экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандыруунун үчүнчү этабын ишке ашырууга сапаттуу даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Жыйындын соңунда жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекеттик органдарга обсервациялык орундарды даярдоо, жүк ташуучулардын кыймылын көзөмөлдөө, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн объектилердеги санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: