Menu

Өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерини 85%ы пайызы оорудан айыгып, кээ бирлери жумуштарына кайтып жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-майга карата 257 медициналык кызматкерден коронавирус табылган. Бул ооруга чалдыккандардын жалпы санынын 20,7% түзөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, 257 кызматкердин 218и же 85%ы оорудан айыгып, кээ бири жумушка киришкен.

“Тилекке каршы, башында жеке коргонуу каражаттары жетишпегендиктен, дарыгерлер арасында инфекцияны жуктуруп алуу учурлары көп кездешкен. Башында абал начар болчу. Акыркы мезгилдердин статистикасын карасаңыз, алардын саны азайды” – деди Кубатбек Боронов.

“Азыркы тапта медкызматкерлерге коргоочу каражаттар жетиштүү, бул жаатта маселе жок. Коргонуучу каражаттар менен коронавирусту жоюу иштерине тартылган бардык кызматкерлер камсыздалган” – деп кошумчалады ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: