Бишкек шаарында 25-майдан тарта коомдук транспорт иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, автобустар жана троллейбустар ишин жандантат.
Ошол эле учурда коомдук транспортторго талаптар коюлат. Аралыкты сакталып, жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап тагынышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ