Menu

Нарында баласына алимент төлөөдөн баш тарткан ата сот аткаруучуга бычак сайган

Бөлүшүү:

Нарында баласына алимент төлөөдөн баш тарткан ата сот аткаруучуга бычак сайган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда депутат Айсулуу Мамашева ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымы боюнча, жыйынтыгында укук коргоо органдары сот аткаруучуну бейбаштыкка айыптап, ага каршы кылмыш ишин козгошкон.

“Өзүнүн баласына алимент төлөөдөн баш тарткан киши сот аткаруучуга бычак сайган. Баланын атасынын жогорку даражалуу достору бар экени белгилүү болду, ошондуктан бул факты боюнча эч кандай мыйзамдуу чара көрүлгөн эмес. Азыр соттук териштирүү жүрүп жатат. Адам өз жумушун жасап жатканда жаракат алган” – деди депутат

Депутат Айсулуу Мамашева башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон бул ишке укуктук баа берүүнү суранды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: