Өткөн сутка ичинде 9 медициналык кызматкерлер коронавирус табылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, медкызматкерлердин арасында катталган коронавирустун жаңы учурлардын бардыгы Нарын облусунда аныкталган.
Ошондой эле, өткөн сутка ичинде коронавирустан айыккан 6 медициналык кызматкер ооруканадан чыгарылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 266 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 221и оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ