Menu

Азиз Алымкулов, вице-мэр: “Бишкек шаарынын айланасындагы санитардык-карантиндик посттор мурдагыдай эле режимде иштейт”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында 21-майдан жана 25-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү ишин жанданта баштай. Ошол эле учурда, шаардын кире беришиндеги жана чыгуучу бөлүктөрүндө карантиндик посттор мурдагыдай эле режимде иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда вице-мэр Азиз Алымкулов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, шаардын кире беришинде 16 санитарлык-карантиндиу пост коюлган.

Чүй облусунун көпчүлүк тургундары Бишкек шаарында иштегендиктен, бардык посттор Чүй облусунда жайгашкан” – деди вице-мэр.

Ал белгилегендей, Бишкек шаарынын четинде жашаган, бирок борбордо иштеген жарандарда өздүгүн тактаган документ, жашаган жеринен маалым кат, салык органдарында тастыкталган иш ордунан маалым кат алып жүрүүгө тийиш. Ишкерлерге патент менен жүрүүгө уруксат берилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: