Соль-Илецкиден келип, “Семетей” обсервациясында жаткан 541 адамдан 2 жолудан коронавируска анализ алынып, алардын ичинен 104үнөн вирус табылган. Алар менен тыгыз байланышта болгон 19 жаран обсервацияда калтырылган. Ал эми калган жарандар жашаган жери боюнча үй карантинине жиберилген.
Белгилүү болгондой, 19-майда 51 жаран Талас облусуна, жашаган жери боюнча үй карантинине жөнөтүлгөн. Облуска келгенде, ПЧР-анализ алынып, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорундагы обсервацияга 5 күнгө жаткырылган.
Бүгүн, 20-майда социалдык тармакта обсервациядагылар начар шарттарга нааразы болгон видеосу тарады. Алардын айтымында, бөлмөлөр суук, керебеттерде канталамалар жүрөт, ажаткана иштебейт, ошондой эле душ дагы жок.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова журналисттерге билдиргендей, окуя Бакай-Ата районундагы обсервацияда болгон.
Анын айтымы боюнча, алар каршылык көрсөтүшүп, нааразылыгын билдиришкен. Координаторун көзүнчө шейшептер алмаштырылып, бардыгы текшерилген. Обсервацияларда күн сайын дезинфекциялоо иштери жүрөт.
Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жарандар талаптарды аткарууга макул болушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ