Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, дыйканчылык аймактарда жана Нарын облусунда кар жаашы мүмкүн.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +22… +27,
Таласта түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +20…+25,
Баткенде түнкүсүн: +11… +16, күндүз: +25…+30,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +25…+30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +15…+20,
Нарында түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +17…+22,
Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз: +25…+27.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ