Ошто 65 жаштагы эркек киши беш жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ош ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматтар боюнча, окуя 17-майда Оштогу унаа жуучу жайлардын биринде болгон. Төлөйкөн кичирайонунун 1991-ж.т. Б.к.Д. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2015-жылы туулган кызына 1956-жылы туулган К.А. сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айткан.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү катары өтүп жаткан К.А. сурак берген. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ал үйүнө коё берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ