“Мен маданияттын өкүлү катары кайрылып жатам: акыркы учурда коомчулукта популярдуу болуп жаткан “Чоң казат” кыймылы менен Сыймык Жапыкеев тууралу айтсам, сөз жок, идеяңыздар абдан жакшы. Мамлекетти, экономиканы көтөрүшүбүз керек”, – деп билдирди бүгүн, 20-майда режиссёр Азамат Арыков видеокайрылуу жасап.
“Бирок, ошону менен бирге эле биз элибизди маңкурт кылып салбашыбыз керек да, сиздер ар бир видеоңуздарда маданиятка жана спортко каршы сүйлөп жатасыздар. “Кара жоргону” бийлебей эле койгула деп “Кара жорго” бийине каршы чыгып жатасыз, спортко – эрежесиз эр урушка каршы чыгып жатасыз. Азыр Кыргыз Республикасын дүйнө жүзүнө маданият менен спорт эле таанытып келе жатпайбы? Эгер эртең депутат болуп калсаңар, силер спорт менен маданиятка ушундай мамиле жасайсыңарбы? Анан Сыймык Жапыкеевдин түз эфирде тамеки тартканы, Голландияга барганда марихуана чеккенин тастыктаганы уят иш болуп калды”, – деди Азамат Арыков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ