Menu

“Кыргызнефтегаздын” чийки мунайын уурдоого шектелгендердин бири кайрадан камакка алынды

Бөлүшүү:

“Кыргызнефтегаз” компаниясынын чийки мунай затын уурдоого шектелген адам кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алишер Эрматов журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, шектүү А.Ю. Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Шектүү бизге дагы кайрылды. Ал буга чейин үй камагына чыгарылганына карабастан, кайрадан каммакка алынды. Ага барып, жолугушууну көздө жатабыз” – дейт Алишер Эрматов.

Эсиңиздерге сала кетсек, апрель айында Ноокен районунда жеке компаниянын чийки мунай затын уурдоого шектелип, 3 адам кармалган. Айыпталуучулардын арасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун орун басары Нурбек Тургунбаевдин бир тууганы Кубанычбек  дагы бар. Анын короосунан 30 тоннага жакын чийки мунай заты табылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: