Menu

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын отставкасын талап кылган депутат Ирина Карамушкинага өзү өтө оор кылмыш ишине шектелип жатканын эскертти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берип жатат. Жыйында депутат Ирина Карамушкина башкы прокурорго ишенбөөчүлүгүн билдирди.

Ал башкы прокурорду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы саясий буйрукту аткарды деп айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылды.

“Эмне үчүн прокуратура Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши кантип жана кандайча козголгонуна жооп бербей жатат? 800дөн ашык адам бийлик органдарынын иш-аракеттерине арыз берген, бирок бир да арыз боюнча кылмыш иши башталган эмес. Ошондуктан сизге ишеним көрсөтпөө жөнүндө добуш берем. Биз жарандардын укугун бузгандыгы үчүн жана тандалма көзөмөл үчүн кызматтан кетишин талап кылабыз” – деди Ирина Карамушкина.

Өз кезегинде Өткүрбек Жамшитов саясий буйрукту аткарган деген айыптоону четке кагып, Ирина Карамушкина өзү өтө оор кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жатканын эскертти.

“Сиздин сурооңузга жооп берейинби же жооп бербейинби деп жатам. Себеби, сиз бүгүнкү күндө өзгөчө оор кылмыш иши боюнча шектүү адамсыз. Сотто сиздин ишиңиз каралып жатат. Кылмышка шектүү экени жөнүндө кабарламаны мен сизге бергем. Жазык-процесстик кодекске ылайык, депутатка кабарламаны башкы прокурор берет. Ошон үчүн сиз тараптан айтылып жаткан сындарды туура кабыл алам. Бул жерде эч кандай саясий буйрук жок деп айтам. Укук коргоо органдары үчүн жөнөкөй болгон кылмышка боёк кошуп айтып жатканыңыз туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келсе, ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды укпай, каалаганымды кылам дегендин натыйжасында “Альфанын” кызматкери каза болуп, канча адамды ыйлатып турат? Ошонун баарын мыйзамга ылайык суракка алалы, жоопко тарталы десе, ар кандай маалымат таратып, элди бүдөмүккө салып жатасыңар. Ирина Юрьевна, мен сизге айтып коёюн, сиздин жана башка кылмышка шериктеш адамдардын жасаган кылмышы иштери материалдар менен далилденген. Ошон үчүн мен сизге кылмышка шектүү деп кабарлама бергем. Бүгүнкү күндө мамлекеттик айыптоо мыйзам чегинде сотто силерге келтирилген далилдерди толугу менен келтирип, силердин күнөөңөрдү далилдегенге толук даярбыз. Сот тарабынан мыйзам чегинде чечим кабыл алынат деп ойлойм” – деп жооп берди Өткүрбек Жамшитов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: