Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Белоруссиядан Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдон сурады.
“Данияр Үсөнов аты-жөнүн алмаштырганы маалымат каражаттарында жазылган. Ал адамды кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?”, – деп сурады Тиллаев.
“2017-2018-жылдары Беларусь өлкөсүнө кайрылуулар болгон. Өзүм дагы ошол өлкөгө барганда, бул маселе боюнча 3 жолу сүйлөшкөнбүз. “Саясий негиздер менен соттолгон” деп белорус тарап бизге Үсөновду кайтаруудан баш тартышты. Ошого карабай бүгүнкү күндө да Беларустун Башкы прокуратурасынан сурап келебиз”, – деп жооп берди Өткүрбек Жамшитов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ