““Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдун кылмыш иши эмне болду? Ага каршы кылмыш ишин козгодук дедиңер эле, азыр кандай стадияда ошол иш?”, – деп сурады бүгүн, 21-майда депутат Зиядин Жамалдинов парламентке отчет берип жаткан генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдон.
“Ал иш боюнча тергөөчү Эсеп палатасына кайрылган, ал текшерүүлөр, акыркы жыйынтыктары чыга элек”, – деп жооп берди Жамшитов.
“Мына ушул кишиге кылмыш ишин козгогонуңарга 1 жылдан ашты. Жолдошбек Бектурганов мамлекеттик авиакомпанияны 3 миллион доллардан ашык карызга батырган. Авиакомпаниянын 4-5 учагын жок кылган. Ушундай аткаминер бүгүнкү күндө боштондукта жүрөт”, – деди депутат Жамалдинов.
“Эгер Эсеп палатасы ошол суммаларды бизге аныктап берсе, ал мыйзамга жараша өз жазасын алат. Азыр Эсеп палатасында да жумуш көбөйүп кеткендиктен ал маселе созулуп калды”, – деп жооп берди генпрокурор Жамшитов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ