Menu

Коронавирус: Жалал-Абад облусунда 354 миңден ашык жаран текшерүүдөн өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунда 354 миңден ашык жаран коронавируска карата текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 154 адам коронавирус илдетине чалдыккан. Анын ичинен 138 адам айыгып чыкты. Дагы 16 киши дарыланууда. Булардын арасынан 27 адам сырттан ооруп келген. Учурда 117 адам медициналык көзөмөлдө турат. Ал эми обсервацияда жаткандардын саны 79. Бүгүнкү күнгө чейин 354 миң 256 адам коронавируска карата текшерүүдөн өттү.

Ошондой эле, Нурболот Мирзахмедов облус аймагын дезинфекциялоо үчүн 71 тонна 812 кг хлор келгенин айтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: